Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 11/5
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Ленин-Жол айылындагы эски кампанын ордун (жер тилкесин) курулуш курууга, пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Ленин-Жол айылындагы эски кампанын ордуна (жер тилкесине) жалпы элдин кызыкчылыгын көздөп, турак жай курууга, арендага берүүгө жана пайдаланууга тыюу салынсын.
2. Бул жер тилкеге жалпы элдин мүдөөсүнө ылайык, бала бакча жана башка соц.объектилерди куруу үчүн гана багыттоо сунушталсын.
3. Мыйзам ченемине ылайык бул жер тилке айыл өкмөтүнүн балансында гана экендиги белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер адиси М.Топчубаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айыл ѳкмѳтγнγн кеңешинин тѳрагасы: |
К.Алдашев |