Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 11/7
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан айылында жайгашкан Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин эски имаратына 60орундуу № 21 «Дил булак» бала бакчасын ачуу тууралуу
Үч-Чат айылынын элдик жыйынынын 2014-жылдын 12-январындагы № 1 протоколун карап чыгып жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Чат айылынын элдик жыйынынын 2014-жыл 12-январдагы № 1 протоколунун негизинде аталган аймактагы 6 жашка чейинки балдарды бала бакчага тартуу жана тарбиялоо максатында № 21 Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин эски имаратынын жарым базасында, имараттын жалпы пайдалуу аянты 319,5 чарчы метр жана имаратка караштуу 1290 чарчы метр жер аянты толугу менен 60 орундуу № 21 «Дил булак» бала бакчасын ачуу үчүн убактылуу берилсин.
2. Бала бакчага тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана курулуш, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан, ал эми каттоодон өткөрүп берүү жагы Ош областык Юстиция башкармалыгынан, бала бакчанын ачылышы боюнча тиешелүү кадр маселесин чечип берүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Бала бакчанын ачылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын жана техникалык базасын чыңдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
4. Жошолу айылдык Кеңешинин 21.04.2014-ж. № 11\7 токтомун колдоп берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
К.Алдашев |