Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 11/9
Жошолу айыл өкмөтүнүн Талды-Булак участкасында мурун катталган коркунучтуу, жугуштуу деп аталган сибирь жарасы оорусунун аталган аймакта өөрчүп кетпешине чара көрүү жана анын алдын алуу максатында, ошондой эле райондук СЭСтин билдирүүлөрүнүн негизинде
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Талды-Булак участкасында мурун катталган коркунучтуу, жугуштуу деп аталган сибирь жарасы катталган аймак корукка алынсын, эл арасында жаныбарлар арасында бул илдетке чалдыкпоо жана алдын алуу максатында аталган аймакка жайлоого көчүрүүгө, жайыт катары пайдаланууга тыюу салынсын.
2. Талды-Булак участкасын корукка алуу, ремонттоо, зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк кирешесинин эсебинен 20, 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Жугуштуу оорунун өзгөчө маанилери, себептери жана зыяндуулугу жөнүндө аймактагы жашаган эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аймактык ветеринария, медицина адистерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына, бардык айыл башчыларга жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Жошолу айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
К.Алдашев |