Редакцияот 18.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

11 - кезектен тышкаркы сессиясы

2014-жылдын 18-февралы № 2

Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары боюнча маселени угуп жана талкуулап, айылдык кеңештын депутаттары тарабынан билдирилген кошумча жана өзгөртүүлардын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешынын кезектен тышкаркы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча чаралар бекитилсин (тиркелет).

2. Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө  боюнча  чараларды аткарылышын камсыз кылуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына  тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Имамов