ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)
кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы
2014-жылдын 30-апрели № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы стратегиялык пландарынын аткарылышы жана 2014-жылга карата аткарылуучу жумуштар тууралуу.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2013- чарбалык жылында стратегиялык пландарды иш жүзүө ашырууда бир топ ийгиликтүү иштер аткарылып Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын жергиликтүү бюджети 2010-жылда 2млн 900 мин сомдон, 2013-жылда 10 млн сомго жогрулады. 2010-жылда 2500 метр жолдорго шагал жаткырылган болсо 2013-жылга келип жолдорго шагал жаткырууну көлөмү 17 км ге жетти.
2010-2013- жылдар аралыгында көчөлөргө асфальт жаткыруунун көлөмү 3.5 км жетти. 2010-2013-жылдар аралыгында Шалдирма, Шыр-Булак, Дөн-Кыштак, Шакар-Кыштак, Даштубала, Райим бригат,Калик-Тал маалаларына жаңы типтеги архитектууралык талаптарга жооп бере турган мечиттер курулду.
2010- 2013-жылдын жылдарда айыл аймагындагы борбордук көчөлөрдөгү тратуарлар толугу менен тазаланып, пайдаланууга берилди. Жолдун четтерине жарыткычтар орнотулду. Айылдык аймактын Шакар-Кыштак мааласына 1.2 км Кунгөй бөлумүндө 1.5 км,Калик-Тол бөлумүндө 1.3км, Жаш бөлумүндө 1.4 км аралыкка жаңы электрлиниялары тартылды. Трансформаторлор орнотулду.
Элди таза суу мененкамсыз кылуу боюнча акыркы эки жылдын ичинде Ташкоргон,Шакар-Кыштак, Шалдырама ,Кызыл Тейит айылдарына 4.5 км аралыкка суу тутктору тартылды. 2014-жылы айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 23 объектиде курулуш ремонттоо иштерин жүргүзүү пландаштырылган. Бул иштер иш жүзүнө ашып калса айыл аймагына жүз млн сомдогон инвестиция тартуу иштери аткарылган болот.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы стратегиялык пландарынын аткарылышы жана 2014-жылга карата аткарылуучу жумуштарды карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы стратегиялык пландарынын аткарылышы жана 2014-жылга карата аткарылуучу жумуштар боюнча айыл өкмөтүнүн отчети канааттандырлы экендиги белгиленсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн социалдык –экономикалык жактан өнүгүсүнүн 2014-жылга карата стратегиялык пландары айылдык кеңештын депутаттары тарабынан сунушталган кошумча жана толуктоолор менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн социалдык –экономикалык жактан өнүгүсүнүн 2014-жылга карата стратегиялык пландарын аткарылышында айылдык кеңештин депутаттарынын уюштуруучулук иштери күчөтүлсүн
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештын бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |