Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы

2014-жылдын 30-апрели № 3

Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган участкалык шайлоо комисияларын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19- беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары 2011-жылы аяктагандыгына байланыштуу,участкалык шайлоо комиссияларын жаңы курамын түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун  карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19- беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык Жаңы-Ноокат айыл аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштарда участкалык шайлоо комиссиялары мүчөлүгүна шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын  өкүлдөрүнүн тизмеси  бекитилсин.(тизме тиркелет)

2. Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган шайлоо космиссияларынын мүчөлөугүнө шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А.Имамов