Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы

2014-жылдын 30-апрели № 4

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- апрелиндеги

№40 «Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласындагы мечит имаратын кайра куруу жана мамлекеттик акт алуу тууралу токтомун бекитүү жөнүндө.

Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласындагы мечит 1998- жылда Ашар жолу менен  пирмитив ыкмада эдин колунда акча каражаттары жетишсыз убакытта курулган болуп, азыркы күнгө келгенде учурдун талаптарына жооп бербей жаткандыгы, элдин турмуш шарты жакшланып, мечитке болгон көз-караштар өзгөрүп бара жаткандыгы үчүн мечит курулуш имаратын кайра учурдун жана архитектуралык талаптарга жооп бере турган имарат куруу боюнча эл арасында сөз болуп, мечиттин жаны имаратын куруу үчүн демөөрчүлар чыгып жаткандыгына байланыштуу   мечитин жаңы имаратын куруу боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- апрелиндеги № 40 «Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласындагы мечит имаратын кайра куруу жана мамлекеттик акт алуу жөнүндөгү токтому жөнүндө маселени карап чыгып жана талкуулап  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- апрелиндеги № 40 «Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласындагы мечит имаратын кайра куруу жана мамлекеттик акт алуу тууралу токтому бекитилсин.

2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласын мечитинин 700 метр квадарат  метр жер аянтына мамлекеттик акт алуу жана мечиттин жаңы имаратын  курулушуна уруксат берилсин.

3. Ушул токтомдун негизинде Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласын мечитин жер аянтына мамлекеттик акт даярдап берүү жагы Ноокат райондук  жер кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

4. Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук  шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А.Имамов