Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги он тортунчу сессиясынын заседаниясы

2014-жылдын 30-апрели № 6

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө.

Жаңы-Ноокат айылдык  аймагынын Дөн-Кыштак көчөсүн   асфальтто боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Дөн-Кыштак көчөсүн асфальттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин жергиликтүү бюджетинен  300000 (үч жүз миң) сом раздел 709 ст 3111 да акча каражаттары каралып каржылоолор жүргүзүлөт

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

ФЕБ башчысы:

А.Имамов

М.Махмудов