ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)
кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы
2014-жылдын 30-апрели № 7
Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүнө ФАП жана мечит курулушу үчүн жер участогун
ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2013-жылдын 25- декабрындагы № 707 “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндөгү”токтомунда трансформация болгон айыл өкмөтүнүн Катта-тал айылынын Зарибдор бөлүмүнүнүн жер картасындагы 825-826 контурларда жайгашкан 10 сотик жер аянты, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-тал айылынын Күнгөй бөлүмүнүн жер картасынын 654-656 контурундагы 10 сотих жер аянты бир категориядагы жер экендигин карап чыгып, Күнгөй бөлүмүндө жашоочу айыл тургундарга социалдык шарт түзүү максатында ФАП жана мечит куруу үчүн жерди алмаштырууга макулдук берүү жана жер участогун ажыратуу боюнча маселени карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-тал айылынын Күнгөй бөлүмүнүн жер картасындагы 825-826 контурларда жайгашкан 10 сотик жер аянты, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-тал айылынын Күнгөй бөлүмүндөгу жер картасынын 654-656 контурундагы 10 сотик жерге Кыргыз Республикасынын мыйзамы чегинде алмаштырылсын.
2. Ажыратылып берилген 10 сотик жердин 4 сотик бөлүгүнө ФАП курууга, 6 сотик бөлүгүнө мечит курууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер кадастри жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |