Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы

2014-жылдын 30-апрели № 8

Жандама айылынын Сурпа-Тош бөлүмүнө ФАП жана мечит курулушу үчүн жер участогун

ажыратып берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтунүн 2013-жылдын 25- декабрындагы № 707 “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндөгү”токтомунда трансформация болгон айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын Сурпа-Тош бөлүмүнүн жер картасындагы 889 контурларда жайгашкан 15 сотик жер аянты, Сурпа-Тош бөлүмүндө жашоочу тургундарга социалдык шарт түзүү максатында ФАП жана мечит куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кееңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын Сурпа-Тош бөлүмүндөгү жер картасындагы 889 контурларда жайгашкан 15 сотик кайрак айдоо жер аянты элге социалдык шарт түзүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамы чегинде ажыратылып берилсин.

2. Ажыратылып берилген 15 сотик жердин  5 сотик бөлүгүнө ФАП курууга, 10 сотик бөлүгүнө мечит курууга уруксат берилсин.

3. Ушул токтомдун негизинде  керектелүүчү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А.Имамов