ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)
кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы
2014-жылдын 30-апрели № 10
«Рахат Таңы» мектепке чейинки балдар бакчасына
0.20 га жер аянты ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Темир- Корук айылында уюштурулган «Рахат таңы» мектепке чейинки балдар мекемесинин администрациясынын 2014-жылдын 29 - апрелиндеги балдар мекемесинде тарбияланып жаткан балдардын тамак - аштарын жакшыртуу үчүн, Темир-Корук орто мектебинин көмөкчү чарбасына караштуу жер аянтынан 0.20 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылууну карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн темир Корук айылында уюштурулган «Рахат Таңы» мектепке чейинки балдар мекемесына Темир Корук мектебинин көмөкчү чарбасына караштуу жер аянтынан 0.20 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтын өз багыты боюнча пайдалануу жана жер аянтынан алынуучу айыл чарба продукциялары мектепке чейинки балдар мекемесинде тарбияланып жаткан балдар үчүн сарпталышы «Рахат Таңы» мектепке чейинки балдар мекемесинин жетекчиси А Садыковага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |