Редакцияот 01.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги бешинчи сессиясы

2013-жылдын 1-апрели № 9

Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан чарбалык иштеринин отчету  жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Жайыт комитетинин 2012- чарбалык жылында жүргүзгөн чарбалык иштерин отчетун угуп жана жайыт комитетинин иштерин мында ары өнүктүрүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин  кезектеги сессиясынын заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Жайыт комитетинин 2012-жылда  жүргүзгөн  чарбалык иштери боюнча  отчоту  бекитилсин. 2013- жылга карата бюджети 367950 сомго бекитилсин.

2. Жаңы-Ноокат айылдык жайыт комитетинин мындан ары өнүктүрүү максатында жана жайыт жерлерге жайгашкан чарба малдардын  айыл чарба эгиндеринен сактап калуу үчүн төмөнкү иштер аткарууга алынсын.

   а. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Ташбулак жана Аулгазы бөлүмдөрүндөгү жайыттарда багылып жаткан чарба малдары  алыскы жайлоолорго көчүрүүнүн мөөнөтү 2013-жылдын 10- майына чейин  белгиленсин.

   б. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Ташбулак жана Аулгазы бөлүмдөрүндөгү кароочуларга сезон мезгилинде 2 баш кара мал,1 баш жумушчу ат,10 баш кой-эчки кароого уруксат берилсин.

   в. Чарба малдарынын алыскы жайыттарга көчүрүү убагында айылдык округунун аймагына 3 ветеринардык  көзөмөл посту уюштурулушу камсыз кылынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылдык округуна жана Жаңы-Ноокат жайыт комитетине тапшырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин  айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А.Имамов