Редакцияот 27.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги жетинчи сессиясынын заседаниясы

2013-жылдын 27-майы № 1

Кошумча булактардан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылдык округунун жергиликтүү бюджетине кошумча булактардан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча маселени карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун жергиликтүү бюджетине кошумча булактардан түшкөн 1053529 сом акча № тиркемеге ылайык  белгиленген статьялар боюнча бекитилсин.

2. Бөлүштүрүлгөн   акча каражаттар статьялар боюнча сарапталышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө  жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А.Имамов