Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 01-7/01
Кара-Бак айыл аймагы боюнча 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевдин отчету жана 2014-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
2013-жылга тузулгон социалдык-экономикалык онугуу программасынын аткарылышы боюнча 22 иш чара кабыл алынган болсо алардын 14 иш чара аткарылып, калган 8 иш чара акча каратажы жагынан жетишпегендиктен аткарылбай калган.
Социалдык онугуу программасынын аткарылыш боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылган, алардын ичинен кээ бирлеринде кемчиликтер да бар экендиги белгиленген. Онугуу программасынан тышкары да бир топ иштер аткарылган.
Социалдык онугуу программасында корсотулгон жол куруу жонундогу маалыматы боюнча жергиликтуу бюджеттен Жоопаядан башталып Зардалы андан ары Шудманга чейин жол сурдурулуп жеткирилген. Чет-Кызыл сел арасына копуроо салынып жогорку денгээлде аткарылган. Булл копуроого айылдык кенештин депутаты С.Усаковдун салымы ото чон. Себеби уюштуруу иштерин жана керектуу материалдар менен камсыздоого ото зор салым кошкон. Кызыл-Бел, Достук жолдору сурдурулгон. Бирок талапка жооп бербейт. Зардалы-Татыр копуроосу сапатсыз буткорулгондуктон суу кобойгон учурда копуроо урап тушкон.
Социалдык инфраструктура боюнча: Бай Карабак, Достук айылдарына ФАП курулган, Кызыл-Бел айылындагы балдар бакчасы кенейтилген, Кара-Бак айылына балдар бакчасы ачылып пайдаланууга берилген. Кара-Бак айылына спорт аянтча куруу иштери мамлекеттик эмес уюмдар жана жергиликтуу жашоочулар менен биргеликте курулуп окмот тарабынан колдоо корсотулгон эмес.
Ал эми 2014-жыга социалдык-экономикалык онугуу программасы боюнча томондогу сунуштарды Кызыл-Бел айылынын чек арасынан берилип жаткан жерге застава куруу жана ички жолдорду ондоо учун труба коюуну жана Кызыл-Бел айылынан Тажикистанга карай телеком Интернет булагын тартып откон. Курулуп жаткан убакта Кызыл-Бел айылына 47 точка тушуу интернет булагын тушурууну;
Спорт аянтчаны жашылдандыруу, Спрт комплексти ишке киргизуу, айылдын ички жолдорун ремонттоону киргизууну;
Достук айылынын жолдоруна 27 метр труба алып ремонтоону;
Достук айылына бала бакча курууну;
Кулунчак балдар бакчасына отуу боюнча каналга адам ото турган копуроо курууну жана башка айтылган сунуштарды эске алып Кара-Бак айылдык кенешинин 5 чакырылышынын кезектеги 15 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл окмотунун 2013-жылга тузулгон социлдык-экономикалык онугуу программасынын аткарылышы айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Бак айыл окмотунун 2014-жылга тузулгон социлдык-экономикалык онугуу программасына корсотулгон сунуштарды киргизуу менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын торагасы Д.Нишанбаевге тапшырылсын.
Кара-Бак айылдык кеңешинин тѳрагасы | А. Каламбеков |