Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 20/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ижарага берилген жерлердин аренда акысын
чечүү жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз сессиясы аренда ФПС жеринин арендага берилиши жана аренда акысы жөнундө жайыт комитетинин төрагасы Б.Сатаровдун маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ижарага берилген жерлердин жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин: 2014-жылга ижарага берилген жерлердин пайдалануу үчүн аренда акысынын өлчөмү: 1га чөп орунду - 500сом
1 га кайрак айдоо - 250 сом
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ижарага берилген жерлердин аренда акысы үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети Б.Сатаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кабылан-Көл айыл өкмотүнүн башчысы Б.Садыковага жүктөлсүн.
Кабылан-Кѳл айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Ш.К.Акаев |