Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 20/3
Кабылан-Көл айыл өкмотүндөгү калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча эмдөө акысын чечүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмотүндөгү калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча эмдөө акысы жөнүндөгү вет. дарыгер Д. Ташполотовдун маалыматын угуп, Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмотүндөгү калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча вет. дарыгер Ташполотов Далибайдын жүргүзгөн иштери канааттандыралык деп табылсын.
2. Ветеринардык дарыгердин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
2014- жылга малдарды эмдөө үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири мүйүздүү малдар - бир баш үчүн 20 сом;
кой - эчкилер - бир баш үчүн 10 сом;
жылкылар - бир баш үчүн 20сом;
3. Мындан ары да калка ветеринардык кызмат көрсөтүүнү сапаттуу жүргүзүү ветеринардык дарыгер Д. Ташполотовго тапшырылсын.
4. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковага жүктөлсүн.
Кабылан-Кѳл айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Ш.К.Акаев |