Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-январы № 12/3
Корул айы өкмөтүндөгү мекеме-ишканалардын
жыл жыйынтыгы боюнча билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Калык уулу Сеитбектин билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме ишканалардын жетекчилеринин жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Окуу тарбиялык иштеринде абалды мындан ары жакшыртуу, алдынкы иш тажрыйбаларды жакшыртуу, олимпиадалык борборлордун натыйжалуулуктарын камсыз кылуу, ата-энелер комитетинин иштерин жандандыруу, окуучулардын катышуусун, билим-сапатын тартипке келтирүү, айрыкча колунда жок үй бүлөөлөрдүн балдарына мектепке барбай калышына жол бербөө жана аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы мектеп директорлоруна, айыл башчыларга, участкалык инспекторго милдеттендирилсин.
3. Мектеп окуучуларын медициналык эрежеден өткөрүүнү камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринин жана айылдардын санитардык-гигиеналык абалын жана такай көзөмөлдөө, жагын жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу жагы ФАП башчыларына, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Мектептерде жана класстык кааналардын санитардык- гигиеналык абалын жакшыртуу, 1-4-класстарга шашке тамагын уюштурууда баардык нормаларды жана азык-түлүктүн сапатын сактоо, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын абалын колго алуу жагы мектеп директорлоруна жана айыл башчыларга тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |