Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 13/2
Корул айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2015-2016-жылдарга бюджетинин долбоорунун божомол пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кенешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин аткарылышы, 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдун жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Корул айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын такталган бюджетинин киреше бөлүгү 18682,8 мин сомго, чыгаша бөлүгү 18153,8 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. 2014-жылда Корул айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрү 7525,5 сомго, анын ичинен максаттуу грант 6294,0 мин сом, өздүк киреше 1231,5 мин сомго бекитилсин.
4. 2015-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 7533,5 мин сомго, анын ичинен максаттуу грант 6222,0 мин сом, өздүк киреше 1311,5 мин сомго каралсын.
5. 2016-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 7670,6 мин сомго, анын ичинен максаттуу грант 6254,1 мин сом, өздүк киреше 1416,5 мин сомго каралсын.
6. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө түрлөрү жана тармактары боюнча өзгөрүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү айылдык Кенештин токтому менен жүргүзүлсүн.
7. Корул айыл өкмөтүнүн 2014-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, ошондой эле өзгөртүүлөрдү өз максатында кириш жана чыгыш бөлүгүн камсыз кылуу жагы, айыл өкмөтүнүн убактылуу ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |