Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 13/3
Айыл өкмөтү акыркы 2003-2013-жылдар арасында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган социалдык обьектилердин, сатылып алынган негизги каражаттардын баланска алынып кириштелиши жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн акыркы 2003-2013-жылдар арасында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган социалдык обьектилерди, сатылып алынган негизги краажаттардын баланска алынып кириштелиши боюнча ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Аскербек уулу Жыргалбек тарабынан жетишээрлик түрдө иш жүргүзбөгөндүгү эске алынсын
2. 2003-2013-жылдар арасында ар кандай мамлекетик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган социалдык обьектилердин кириштелишин мыйзамдуу түрдө жүргүзүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Аскербек уулу Жыргалбектин түздөн-түз милдети экендиги белгиленсин жана чечүү жагы мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жүктөлсүн.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |