Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 13/4
1-Май айылындагы сайдагы шагыл, кумга келген машиналардын сайга таштанды таштап кетип жаткандыгын кароо боюнча
Корул айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылындагы сайдан шагыл, кум алуучуларды Корул айылынын тургундары үчүн постто турган Закиров Өмүрзакка 50 (элүү) сомдон төлөшсүн, Закиров Өмүрзакка машинанын кузовун карап өткөрүүгө уруксат берилсин, машинадан алынган 50 (элүү) сом постто турган адамдын айлык акы болуп эсептелинсин.
2. Башка жактан келген адамдарга шагыл, кум алууга таштандыларды таштап кетип жаткандыктарына байланыштуу, машинаны киргизүүгө тыюу салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, постто турган Закиров Өмүрзакка, 1-Май айылынын айыл башчысы Закиров Камилге, Корул айыл өкмөтүнүн участкалык инспектору Кеңешбаев Исланбекке милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |