Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 13/5
Корул айыл өкмөтүндөгү 2013-жылдан үнөмдөлгөн 556123,77 сомдон Тогуз-Булак айылындагы К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин спорт залы жоктугуна байланыштуу, айылдын ортосу болгондуктан, 480 000 (төрт жүз сексен мин) сомун К.Тайчабаров атындагы орто мектебине жайкы спорт аянтчасын курууга иштетүү боюнча
Корул айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылындагы К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин спорт залы жоктугуна байланыштуу, айылдын ортосу болгондуктан, 2013-жылдан ашкан каражаттын 480 000 (төрт жүз сексен мин) сомун К.Тайчабаров атындагы орто мектебине жайкы спорт аянтчасын куруу үчүн уруксат берилсин.
2. Калган 76123,77 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн имаратынын ремонтуна жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага жана бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |