Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 13/6
Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнү кылып белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү.
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апрель айынын акыркы жекшемби күнү Корул айылы боюнча маркумдарды эскерүү күнү болуп, жыл сайын көрүстөндөргө барып мүрзөлөрдүн айланасын тазалап, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Мындан ары Атаке көрүстөнүндөгү бош жердин чөбүн иштетүү жагын Маназаров Токтосун жана ар бир учурдагы үч айылдын айыл башчылары кеңешүү жолу менен аукцион түрүндө чөбүн сатып, Корул ичиндеги беш жайга курал-жарактарын жаңылоо жана башка муктаждыктары үчүн иштетишсин. Отчеттуулугу өз абийирлерине коюлсун.
3. Туюк участкасындагы көрүстөнгө Абдракманов Сатар өз ыктыяры менен берип жаткан 0,80 га үлүш жерин кошуп тосуп чоңойтуп, курал-жарак сактоочу навес куруу жагы жамаатка тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповго, айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |