Редакцияот 28.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын 

14- заседаниясы

2014-жылдын 28-марты № 14/7

Коомдук мончолордун, дүкөнчөлөрдүн элге  кызмат кылуусун тартипке келтирүү боюнча 

Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Айылдык Кеңештин аймагындагы  мончолорду үзгүлтүксүз иштетүү жагы мончо ээлерине эскертилсин.

2. Айылдагы дүкөндөрдүн айланасын иреттеп, таштандыларды салууга  урна орнотуу, тазалоо жагы эскертилсин, эгер аткарылбаса санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна билдирилсин жана дүкөндөрдө кечки саат 22-00 дөн кийин спирт ичимдиктери сатылбасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.

 

Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы:

Т.Маназаров