КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын
16- заседаниясы
2014-жылдын 14-августу № 16/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын биринчи кварталынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн экономикалык божомолдорун жана айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан бир топ уюштуруучулук иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды топтоодо белгиленген план божомолдордун жалпы көрсөткүчү толук аткарылгандыгы белгиленсин жана 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгын толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору Т.Оморовго милдеттендирилсин.
3. Калктын жана мекеме-ишканаларга бир жылга жана жарым жылга бөлүнгөн лимиттен ашырбоону көзөмөлдөөнү жана электр энергиясынан болгон карыздарды өз убагында эсептешүү боюнча тынымсыз иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
4. Жайыт акыны 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен толтуруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Шариповго милдеттендирилсин.
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |