Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-августу № 16/6
Жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерди 2014-2015-жаңы окуу жылына даярдоо боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Келечек муундарга инновациялык жана интерактивдик ыкмаларды жайылтуу менен окуучуларга ар түрдүү багыттагы ийримдерди уюштуруу жана кесипке багыт берүү, окуучуларды спорт менен машыгуусун, аларга сапаттуу билим, тарбия берип, өзгөчө көңүл буруу мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бөлүнгөн акча каражаттарын Мыйзам чегинде максаттуу пайдаланууну колго алуу мектеп директорлоруна жана балдар бакчасынын башчысына жүктөлсүн.
4. «Мугалимдин статусу жөнүндөгү» Мыйзамга ылайык жаш мугалимдерге жана окуу жайын жаңыдан бүткөн жаш кадрлардын материалдык абалын жакшыртып, ар тараптуу жардам берүү жагын колго алуу мектеп директорлоруна жана айыл башчыларга тапшырылсын.
5. Мектептердеги от казаны жайгашкан бөлмөлөрүндөгү электр өткөргүчтөрүн лабораториядан өткөрүү жана талапка ылайык тартуу, трансфарматордук подстанциялардын айланасын тосуп, коопсуздук абалын камсыз кылуу, өрт калканчасынын шаймандарын толуктоо, техникалык коопсуздук боюнча ишти жандандыруу, суу көлмө менен камсыз кылып, айланадагы эгилген бак-дарактарга кам көрүү мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
6. Билим берүү мекемелериндеги иш кагаздарды жана көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде так, туура жүргүзүлүшүн ар дайым көзөмөлдөө мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |