Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-июну № 6/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Талдык участкасындагы ФПСтин жерлерин пайдаланып жүргөн жарандардын келишимдик мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукционго коюп жана ижарага берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI заседаниесинин
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Талдык участкасындагы ФПСтин жерлерин пайдаланып жүргөн жарандардын келишимдик мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукционго коюу үчүн төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн.
Комиссиянын курамы
1.Ч.Канкиева - Айылдык Кеңишинин төрайымы - комиссиянын төрайымы
2.Б.Машаев - Айыл өкмөтүнүн жер адиси –комиссиянын төрайымынын орун басары
3.К.Абдраманова - Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы - комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү
4.Л.Койчиев - Айылдык Кеңешинин депутаты
5.Н.Малабаев- Айылдык Кеңешинин депутаты
6.А.Бабыев - Айыл өкмөттүн юрист –конусультантынын милдетин аткаруучу
7.А.Мамасадыков - Аксакалдар сотунун төрагасы
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия айылдык Кенешинин заседаниесинде каралган токтому боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу жарандарга гана Талдык участкасындагы ФПСтин жерлерин пайдаланууга беришсин .
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу атуулдарга келишим боюнча 2 (эки) гектардан жер тилкеси 7 жылдан 10 жылга орто мөөнөттү ижарага берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Алай айылдык Кеңешинин төрайымы Ч.Канкиевага жүктөлсүн .
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин тѳрайымы: |
Ч.Канкиева |