Редакцияот 17.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ

(III ЧАКЫРЫЛЫШ)

2014-жылдын 17-сентябры № 211

Ош шаарындагы

Ферганская

кѳчѳсγнγн атын

ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ

Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 10-июлундагы 223/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана ѳзгѳртγγ жѳнγндѳгγ атуулдардын жана эмгек жамааттардын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын 2014-жылдын 9-июлундагы жыйынынын № 1-протоколун, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 11-июлундагы № 12-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, жыйырмадан ашык кγжγрмѳн медаль жана ордендердин ээси, чыныгы мекенчил инсан, маркум Сулайман Абдувалиевдин элесин урматтап, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ош шаарындагы Ферганская кѳчѳсγнγн аты ѳзгѳртγлγп, мындан ары «Сулайман Абдувалиев атындагы кѳчѳ» деп аталсын.

2. Кѳчѳнγн аты жазылган кѳрнѳктѳрдγ даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) милдеттендирилсин.

3. Сулайман Абдувалиев атындагы кѳчѳдѳгγ кѳрнѳк такталарды  алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтγγ бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.

4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошев), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Марифов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Р.Зулпукарова) Сулайман Абдувалиев атындагы кѳчѳнγн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жγргγзγγ милдеттендирилсин.

5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына  жарыялансын (К.Жамалов).

6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык  жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов)  жγктѳлсγн.

 

Ош шаардык

кеңешинин тѳрагасы:

 

У.Примов