Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 10/3
Ленин айыл окмотунун 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2014-жылдын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө.
Ленин айылдык окмотунун 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы ,2014-жылдын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Сарыбаевдин билдирүүсүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловдун докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 28187,6 миң сомго, такталган киреше бөлүгүнүн планы 20919,1 миң сомго, киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы 21009,7 миң сомго, чыгашалар боюнча 20742,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджети 2014-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 7153,4 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен толуктоочу грант 5910,1 миң сомго, өздүк киреше 1243,3 миң сом болгондугу белгиленсин.
3. Ленин айыл окмоту боюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 180, 0 миң сомго бекитилсин.
4. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015–жылга карата болжолдуу планы -7104,9 миң сомго, 2016-жылга карата болжолдуу планы -7286,1 миң сомго бекитилип, жетишпеген акча каражаты толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын.
5. Мектептердин ремонтторуна, көмүргө керектелүүчү акча каражаты Республикалык бюджеттен өткөрүп берүүчү каражаттар аркылуу берилгендигинин негизинде сметада каралбагандыгы белгиленсин.
8. Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында ,сарамжалдуу пайдалануу бардык мектептин ,балдар бакчалардын жана маданий мекемелердин жетекчилеринен талап кылынсын жана аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Жоробеков |