Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-майы № 13/2
“Гаузан – Таза – Суу” ИСКАКБнын 2014 – жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша тараптарын жана таза суу пайдалануучуларды суу төлөмдөрүнүн тарифтерин бекитүү
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Гаузан – Таза – Суу” ИСКАКБнын 2014 – жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 1110776 сом 80 тыйынга чыгаша бөлүгү 1110776 сом 80 тыйынга бекитилсин.
2. “Гаузан – Таза - Суу” ИСКАКБнын таза суу пайдалануучуларга берүүчү таза суусунун тарифтери төмөндөгү тартипте бекитилсин:
1. Короосуна таза суу түтүкчөсүн киргизип эсептегич орнотпогондорго суу түтүкчөсүнүн диаметрине карата төмөндөгү төлөмдөр киргизилсин:
1.1 0.15 диаметрдеги трубага айына 500 сом.
1.2 0.20 диаметрдеги трубага айына 700 сом.
1.3 0.32 диаметрдеги трубага айына 1000 сом.
2. Көчөдө орнотулган суу түтүкчөсүнөн таза суу пайдалангандарга үй бүлөсүнүн жан башына карата айына 11 сом 55 тыйындан.
3. Короодогу суу түтүкчөсүнө эсептегич орноткондорго 1 куб таза суу 10 сом 55 тыйындан берилсин.
3. “Гаузан – Таза - Суу” ИСКАКБга тиешелүү документтерди жана курулмадарды мурунку ИСКАКБ төрагасы А.Абдыразаковдон 2014 – жылдын 12 – майындагы “Гаузан – Таза - Суу” ИСКАКБнын суу пайдалануучулардын жыйынында “Гаузан – Таза - Суу” ИСКАКБнын төрагасы болуп шайланган А.Бердикуловко өткөрүп берүү жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Раимбердиевке тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Усонов |