НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XII сессиясынын заседаниясы
2014-жылдын 30-апрели № 12-1
Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2013-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2013-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы- Р.Б. Коконбаевдин отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун талкуулап, депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2013-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы- Р.Б. Коконбаевдин отчету эске алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |