НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XII сессиясынын заседаниясы
2014-жылдын 30-апрели № 12-2
Ноокат шаардык мэриясынын административдик имаратынын жаңы өзгөртүлгөн долбооруна ылайык кошумча иштерди аткарууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Бүгүнкү күндө Ноокат шаар мэриясынын административдик имаратынын жертөлөөсү (подвалы) жана имараттын чатыры жабылгандыгына байланыштуу шаардык мэриясынын административдик имаратынын жаңы өзгөртүлгөн долбооруна ылайык кошумча иштерди аткарууга кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2014-жылдын 15-апрелинде берген № 01-19/181 катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын административдик имаратынын жаңы өзгөртүлгөн долбооруна ылайык кошумча иштерди аткарууга Ноокат шаардык кенешинин түзүлгөн комиссиясынын актсынын негизинде 5705965 сом эсебинде сметасы бекитилсин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын административдик имаратынын жаңы өзгөртүлгөн долбооруна ылайык кошумча иштерди аткарууга түзүлгөн комиссиясынын актысынын негизинде 4255965 сом акча каражаты эсебинде бекитилсин. Анын ичинен 3890920 сом 2014-жылдын 26-фералындагы Ноокат шаардык кеңешинин № X-5 сессиясынын субсидия статьясынын эсебинен ажыратып берилсин. Калган 365045 сом акча, ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Ноокат шаардык мэриясынын административдик имаратынын жаңы котельный куруу үчүн жазылган проектине өздүк салым 300,0 миң сом акча каражаты 2014-жылдын 26-февралындагы Ноокат шаардык кеңешинин №X-5 сессиясынын субсидия статьясында каралган акчадан ажыратып берилсин.
4. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы айлампага бетон коюу үчүн 63,0 миң сом акча каражатын 2014-жылдын 26-февралындагы Ноокат шаардык кеңешинин № X-5 сессиясынын субсидия статьясында каралган акчадан ажыратып берилсин.
5. Ноокат шаардык мэриясынын административдик имаратынын жаңы өзгөртүлгөн долбоорун мамлекеттик экспертизадан өзгөртүү үчүн 32 200 сом акча каражатын 2014-жылдын 26-февралындагы Ноокат шаардык кеңешинин № X-5 сессиясынын субсидия статьясында каралган акчадан ажыратып берилсин.
6. Ноокат шаарынын борборунун башкы планын (генплан) кызыл сызыктарын көрсөтүү менен бирге иштеп чыгууга 61910 сом акча каражатын 2014-жылдын 26-февралындагы Ноокат шаардык кеңешинин №X-5 сессиясынын субсидия статьясында каралган акчадан ажыратып берилсин.
7. Жогоруда ажыратылган акча каражаттарын которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |