Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 13-1
Ноокат шаарынын аймагындагы жайгашкан жеке ишкерлердин алынуучу салыктардын (патент, сатуудан алынуучу салык, аренда жана жер салыгы ж.б) чогултулуш абалы тууралуу
Ноокат шаарынын аймагындагы жайгашкан жеке ишкерлердин алынуучу салыктардын (патент, сатуудан алынуучу салык, аренда жана жер салыгы ж.б) чогултулуш абалы тууралуу шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы жайгашкан жеке ишкерлердин алынуучу салыктардын (патент, сатуудан алынуучу салык, аренда жана жер салыгы ж.б) талаптагыдай чогултулбай жаткандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 131 беренесинин талаптарына негиз жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн “Ош облусунун социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылдын жыйынтыктары жана 2014-жылга карата милдеттери жөнүндөгү 2014-жылдын 23-январындагы №31 токтомунда белгиленген талаптарга ылайык Ноокат шаар мэриясынын салыктарын бюджетке толук чегеруу менен салыктарды жыйноодогу көлөмүн өсүү темпин 30% көбөйтүү максатында салыктарды көбөйтүүнүн резеврдерди анализдеп иш-чара иштеп чыгуу, хронометраж түзүү, салык төлөөчүлөр боюнча маалымат тактасын уюштуруу Ноокат шаар мэриясынын киреше бөлүмүнүн башчысы М.К.Салиевге тапшырылсын.
3. Автоунаа токтоочу жайларды иретештирүү, Ноокат–Ош, Ноокат –Кызыл-Кыя, Ноокат –Бишкек, Ноокат –Кара-Суу каттамдарындагы айдоочуларга патент алдыруу, салык төлөөдөн качкан жеке ишкерлерди тактоо, салыктарын өз убагында төктүрүүдө Ноокат райондук ички иштер бөлүмү, салыктар жана жыйымдар боюнча салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгы менен биргелике иш алып баруу Ноокат шаар мэриясынын салык иштери боюнча башкы адиси М.К.Салиевге жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Р.Б.Коконбаевге тапшырылысын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |