Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 13-2
Ноокат шаарынын базарларынын санитардык абалы, эт, күнүмдүк оокат, аштарды сатууда дүкөндөрдө сатуучу болуп эмгектенип жаткан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшү жана санитардык китепчелерин текшерүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын базарларынын санитардык абалы, эт, күнүмдүк оокат, аштарды сатууда дүкөндөрдө сатуучу болуп эмгектенип жаткан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшү жана санитардык китепчелерин текшерүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарындагы көпчүлөк тамактануучу жайлардагы, наавайканалардагы, азык-түлүк магазиндеринин саниатардык талаптарга ылайык келбегендиги белгиленсин.
2. Ноокат шаарынын базарларында эт, күнүмдүк оокат, аштарды сатууда дүкөндөрдө, азык-түлүк дүкөндөрүндө сатуучу болуп эмгектенип жаткан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшү жана санитардык кароодон толук өтпөгөндүгү, китепчелеринин толук толтурулбагандыгы сатуучуларга эскертилсин жана шаардын аймагындагы текшерүүгө алынып, эскертүү берилген тамактануучу жайлар, наавайканалар, азык-түлүк дүкөндөрдөгү кемчилдиктерди жоюу жеке ишкерлердин өздөрүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |