Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 13-4
Ноокат шаар кеңешинин алдындагы курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти директору 2014-жылдын 3-мартында өзгөргөндүгүнө, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы жумуштан кеткендигине байланыштуу Ноокат шаар кенешинин алдындагы курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына жаны төмөндөгү жетекчилерге өзгөртүлсүн.
-Шеркулов Акматбек Эргешович-архитектура жана курулуш бөлүмүнүн башчысы, райондун башкы архитектору.
-Коконбаев Руслан Бакытбекович-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |