Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 13-5
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын техникалык тейлөө, коммерциялык дүкөн, спорт комплекси, тамактануучу жай кылып өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин каттарын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши заседанияси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Ош көчөсүнүн тургуну Рахманов Икромидин Аскаровичке тиешелү болгон турак-жайынын 1900 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 176 чарчы метр жер аянтынын багытын техникалык тейлөө ишканасы деп өзгөртүүрүлсүн.
2. Ноокат шаарынын Мирмахмудов көчөсүнүн №3 уйдун туругуну Камилов Нурулло Рахматиллаевичке тиешелү болгон турак-жайынын 1200 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 158 чарчы метр жер аянтынын багытын коммерциялык дүкөн деп өзгөртүүрүлсүн.
3. Ноокат шаарынын А.Тапвалдиев көчөсүнүн №56 уйунун тургуну Абдижапаров Аьзамжан Хамитжановичке тиешелү болгон Ноокат шааарынын Барын участкасынын малкана көчөсүндөгү турак-жайынын 1400 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 48 чарчы метр жер аянтынын багытын коммерциялык дүкөн деп өзгөртүүрүлсүн;
4. Ноокат шаарынын Мирмахмудов көчөсүнүн №3 уйдун туругуну Камилов Рахматила Низамовичке тиешелү болгон турак-жайынын 1900 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 329 чарчы метр жер аянтынын багытын коммерциялык дүкөн деп өзгөртүүрүлсүн.
5. Ноокат шаарынын Ош көчөсүнүн туругуну Абдимоминова Саходат Алимжановага тиешелү болгон турак-жайынын 800 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 30 чарчы метр жер аянтынын багытын коммерциялык дүкөн деп өзгөртүүрүлсүн.
6. Ноокат шаарынын Мирмахмудов көчөсүнүн тургуну Маматхалилова Миножатга тиешелү болгон турак-жайынын 1200 чарчы метр жер аянтынын ичинен 179 чарчы метринин багыты коммерциялык дүкөн деп өзгөртүүрүлсүн.
7. Ноокат районунун Чапаев айылынын тургуну Насриддинов Абдулазиз Абдурахимовичтин жеке менчигиндеги Сельхозтехниканын ичине жасалма газон төшөлгөн кичи футбол аянтчасын куруу үчүн тиешелуу документтеринде техникалык кызмат көрсөтүү болгондуктан 1 га 18 сотых жер аянтынын 950 чарчы метр бөлүгүн багытын спорт комплекси деп өзгөртүүрүлсүн.
8. Ноокат шаарынын С.Алимбаев көчөсүнүн №13 үйдүн тургуну Жорабаева Барнохон Абдулвадидовнага тиешелү болгон жеке менчик 634 чарчы метр жер аянтынын ичинен 50 чарчы метринин багыты тамактануучу жай деп өзгөртүүрүлсүн.
9. Ноокат районунун Зулпуев айыл окмотунун тургуну Алимбекова Айгуль Жунусбековнага тиешелү болгон Ноокат шаарынын Ош көчөсүндөгү жеке менчигиндеги 68,18 чарчы метр жер тилкесиндеги кондитердик цехинин пайдалануу багыты соода дүкөнү бөлүп өзгөртүүрүлсүн.
10. Ноокат районунун Мирмахмудов атындагы айыл окмотунун Чапаев айылынындагы Аэропорт көчөсү №3 уйдун тургуну Джорабаев Абдираманга тиешелү болгон Ноокат шаарынын Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү №26 жеке менчик үйдүн 300 чарчы метр жер тилкесиндеги жер аянтынын пайдалануу багыты соода дүкөнү бөлүп өзгөртүүрүлсүн.
11. Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |