Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 13-6
Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин шаар бюджетине ашыкча түшүргөн кошумча кирешесин бөлүп берүү жөнүндө.
Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2013-2014-жылда аткарган иштери үчүн жана шаар аймагында болотурган жумуштарга түзүлгөн сметалардын негизинде акча каражатын Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан шаар бюджетине ашыкча түшүрүлгөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берүү жөнүндөгү жана Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралганын жана талкуулангандыгынын негизинде Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2013-2014-жыл ичинеде аткарган жумуштары үчүн 51 292 сом;
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган айлана - чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 26-мартындагы №20-3174 уруксат катынын негизинде шаар ичиндеги адам өмүрүнө кооптуу дарактарды кесүү, тилүү, ташуу үчүн 93 200 сом;
3.Ноокат шаарынын Лутфуллаев атындагы көчөсүнүн тротуарларына шагал төгүү жана арыктарын казуу үчүн 22 600 сом;
4.Ноокат шаардык мэриясынын жаны имаратынын түндүк жана түштүк жагын темир тосмо менен тосуу, бетон куюу жана шагал төгүп тегиздөө иштери үчүн 114900 сом;
5.Ноокат шаарына караштуу Н.Исанов атындагы парктын ичиндеги олтургуч жана эстеликтерди краскалоо үчүн 19 000 сом акча каражаты жана жогоруда аталган иштер үчүн жалпысы болуп 300 992 сом Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин шаар бюджетине түшүргөн кошумча кирешесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |