Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 13-7
Ноокат шаар мэриясынын жаны имараты үчүн даараткана курууга жана жаны имаратынын алдына брусчатка басууга акча каражаты ажыратып беруу жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын жаны имараты үчүн даараткана курууга акча каражаты ажыратып беруу жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралганын жана талкуулангандыгынын карап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын жаны имаратына даараткана курууга түзүлгөн сметага ылайык 485 464 сом акча каражаты Ноокат шаардык мэриясынын субсидия статьясына каралган акча каражаты эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын жаны имаратынын алдына брусчатка басууга 55000 сом акча каражаты Ноокат шаардык мэриясынын субсидия статьясына каралган акча каражаты эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |