Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 15-1
Ноокат шаарынын 2014-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысынын билдирүүсү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы Ноокат шаарынын 2014-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысынын билдирүүсү тууралуу шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2014-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин бардык түрлөрүнүн толугу менен жыл ичинде аткаруу жагы Ноокат шаар мэриясынын киреше бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |