Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14-2
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына жана кышка даярдыгы канаатдандыралдык деп табылсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын кышкы мезгилине даярдоого көмүр менен 100% га камсыз кылуу жагы 2014-жылдын сентябрь айынын акырына чейин Ноокат шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы У.Салиева атындагы жана №3 “Балапан” балдар бакчаларынын жылытуу системасы электр энергиясынан кайрадан көмүр менен жылытууга өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу кышкы мезгилине көмүр менен камсыз кылуу, үнөмдөлгөн көмүрдүн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |