Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14-3
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Комунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө.
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Комунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө ишкананын инженери А.Эшиевдин отчету жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Комунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү отчету эске алынсын.
2. “Ноокат Комунальщик” ишканасынын карамагындагы техникаларды толугу менен ремонттоп иштетүү, кызматкерлерди жумуш ордуна тартуу жана жумушчуларды айлык акча каражаты менен камсыз кылуу “Ноокат Комунальщик” ишканасынын жетекчилигине тапшырылсын.
3. Ноокат шаарынын инфраструктурасын жакшыртууда, шаардын тазалыгын, көрктөндүрүү иштерин өз денгээлинде алып барүү үчүн Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинен ажыратылып берилген акча каражатына жаны техикаларды шартка жараша сатып алууга аракет жасоо Ноокат шаардык мериясына жана “Ноокат Комунальщик” ишканасынын жетекчилигине тапшырылсын.
4. Ноокат шаарынын аймагындагы жеке ишкерлер, мамлекеттик ишканалар, ар бир кожолук менен таштанды алып чыгарууга келишимдерди түзүү Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Комунальщик” ишканасынын инженери М.Эшиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |