Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14-4
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын коммерциялык дүкөн, ашкана кылып өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин каттарын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши заседанияси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын М.Эргешов көчөсүнүн № 13 үйүнүн тургуну Каримжанов Адилжанга тиешелүү болгон күндөлүк керектелүүчү эмеректер сатуучу дүкөндун 503,12 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 84,7 чарчы метр жер аянтынын багыты ашкана деп өзгөртүлсүн.
2. Ноокат шаарынын Мирмахмудов атындагы көчөсүнүн № 8 үйүнүн тургуну Сабиров Абдурахмон Ибрагимовичке тиешелү болгон жеке менчик үйдүн 600 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 45,5 чарчы метр жер аянтынын пайдалануу багыты коммерциялык дүкөн деп өзгөртүлсүн.
3. Ноокат районунун Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн Чапаев айылындагы Аэропорт көчөсү №3 үйдүн тургуну Джорабаев Абдираманга тиешелүү болгон Ноокат шаарынын Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү АЗС, машина жуучу жана магазиндин 550 чарчы метр жер тилкесиндеги жер аянтынын пайдалануу багыты соода борбору жана элди тейлөө болуп өзгөртүлсүн.
4. Жогорудагы аталган шаар тургундарынын жер-тилкелеринин пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо жагы Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |