Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-марты № 10
Жылалды айыл Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитуу жѳнγндѳгγ маселе айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын-ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылы Жылалды айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин киреше бѳлγгγ 21025,3 мин сомго жана чыгаша бѳлγгγ 20955,1 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2013-жылга айыл Ѳкмѳтγнγн бюджети кирешелер жана чыгашалар 19483,1 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнγндѳ мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл ѳкмѳтγнγн резервдик фонду 192,0 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.
4. Жылалды айыл ѳкмѳтγнγн аймагына караштуу жети айыл болгондуктан жетектѳѳчγ адистин денгээлинде 4- айыл башчы адиси жана аскерге милдеттγγ 1360 адам саны болгодугуна байланыштуу 2- бошотулган ВУС адиси жана адам саны миңден ашыкча болгондугу γчγн 1 кошумча адистик штатты кармалсын.
5. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл ѳкмѳтγнγн бюджети боюнча жγргγзγлγγчγ накталай акча каражаты 2014-жылдын 1-январына карата 40,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Акназаров |