Редакцияот 07.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жылалды айылдык Кеңешинин (V шайланган) VII кезектеги сессиясы

2014-жылдын 7-февралы № 39

Жылалды айылдык Кеңешинин (V шайланган) кезектеги VII сессиясынын  кγн тартибиндеги айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБ башчысы А.Маматовдун 2013-жылга карата бекитилген бюджеттин аткарылышы жана 2014-жылга карата тγзγлгѳн бюджетти бекитγγ боюнча берген маалыматы  жѳнγндѳгγ маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин 19483,1 мил. сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Жылалды айыл Ѳкмѳтγнγн 2014-жылга каралган бюджетинин киреше булагы 7214,4 мил. сом, чыгаша булагы 7214,4 мил.сомго бекитилсин.

3. Жылалды айыл Ѳкмѳтγнγн ФЭБ башчысынын 2013-жылда жγргγзгѳн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

4. Жергиликтγγ бюджеттин киреше бѳлγгγнѳ кошумча булактарын табуу Жылалды айыл Ѳкмѳтγнѳ  тапшырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнγндѳ мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл ѳкмѳтγнγн резервдик фонду 72,1 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

М.Акназаров