Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кенешинин I-чакырылышынын кезексиз XXVI- сессиясы.
2014-жылдын 29-августу № 26/3
Кадамжай шаарынын тургуну Мамадалиев Эгембердинин кайрылуусу жѳнγндѳ.
Кадамжай шаардык мэриясынын алдында тузулгон жер комиссиясынын 2014-жылдын 12-августундагы №3 протоколунун негизинде Мамадалиев Эгембердинин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай районундагы Кок-Талаа – Пульгон авто жолунун курулушундагы жолду кенейтуу максатында Кадамжай шаарынын тургуну Мамадалиев Эгембердинин турак жай жер тилкесиндеги дубалын бузуп, дубалды жер тилкесинин ичине киргизип кайрадан куруу учун Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин резервдик фондунан мыйзамдуулук жагын карап чыгып 150 000 (жуз элуу мин) сом акча каражаты болунуп берилсин.
2. Токтомдо каралаган сумманы болуп беруу жагы Кадамжай шаарынын мэри Т. М. Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кадамжай шаардык Кенешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Тѳрага: | Б.Т.Бегалиев |