Редакцияот 19.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

2013-жылдын 19-ноябры № 8/38

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын Кош-Дөбө айыл аймагында турмушка ашыруу  жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы Жарлыгын аткаруу максатында  Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы Жарлыгын аткаруу Кош-Дөбө айыл аймагынын С.Орозбаков А.Албесов атындагы орто мектептерде жана клуб китепканаларда аткарууга алынсын.

2. Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин токтомдору сайттарга кыргыз тилинде жарыялансын. 

3. Мамлекеттик тил мыйзамынын жоболоруна ылайык туураа жазылуусу көзөмөлдөнсүн.

 

Депутаттардын Кош-Дѳбѳ айыл

аймактык кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Байташов