Редакцияот 27.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

2014-жылдын 27-октябры № 16/2

“Кочкор райондук Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү, уюштурууга макулдугун берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин негизинде депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн балансында катталган “Таза-Суу” ишканасын киргизүүгө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кара-Суу айылындагы Ак-Кыя айыл окмотунун  балансындагы “Таза-Суу” ишканасын Кочкор айылдык “Таза-Суу” ишканасына кирүүгө жана “Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө өздөрүнүн макулдугун беришет.

2. Юридикалык каттоодон өткөрүлгөн күбөлүгүнүн көчүрмөсү берилет.

 

Депутаттардын Ак-Кыя айыл

аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы:

 

Т.Абдырахманова