Редакцияот 08.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезектеги ХI сессиясы

2014-жылдын 8-апрели № 11/4

Ат-Башы  айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы жаз, жай, кγз айларында ички тартип эрежелерин сактоо тууралуу

Ат-Башы айылдык  аймагында  жайыт аянттары жайгашкан жашоочуларынын жеке менчиктеги γлγш жерлери, айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлери менен чектеш.  Жыл сайын жаз айларында айыл  тургундарына Ат-Башы айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы жайыт жерлерин жаз, жай, кγз айларындагы жайыттарды рацианалдуу пайдалануу боюнча алыскы жайыттарга кѳчуγγ тууралу эскертγγлѳр берилип келγγдѳ. Бирок айрым айыл тургундарынын мыйзамды аткарбоосунан айыл чегинде жайгашкан жайыт жер аянттарды γзгγлтγксγз пайдаланып, табигый кайра ѳзγн-ѳзγ толтуруп ѳсγγ процесстери бузулуп жер дегредацияланып тγшγмдγγлγгγ начарлоого алынып келγγдѳ жана айыл жашоочуларынын γлγш жерлерине, мамлекеттик фондунун жер аянттарына мал кирγγнγн кесепетинен айдап себγγ кечеңдеп, дыйкандарга тγшγмγн албай калуу коркунучун туудуруп келγγдѳ. Кγзγндѳ малды эрте айдап келγγунγн кесепетинен мал элдин жерин тепселеп, тγшγмγн жыйноого тоскоолдук кылып дыйкандарды зыянга учуратууда.

Жогорудалардын негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши КРнын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жайыт жѳнγндѳ» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чегинде жайгашкан жайытка  мал менен кѳчγγ 1-майга чейин, жайлоого  кѳчγγ 1-июнга чейин, жайлоодон кѳчγп келγγ 1-октябрдан  кеч эмес мѳѳнѳттѳрγ белгиленсин;

2. Ат-Башы айылдарында 1-майдан баштап бада уюштурулсун. Бадага субай мал алып калууга тыюу салынсын;

3. Малчы менен мал ээлеринин ортосунда тγзγлчγ «Мал багып берγγ боюнча кызмат кѳрсѳтγγ типтγγ келишиминин» формасы бекитилсин; (Тиркеме тиркелет)

4. Айыл чегинде жайгашкан  жайыттагы сарай ээлерине 1 ат, 1 уйдан мал алып калууга уруксат берилсин.

5. Жайыттарды пайдалануу боюнча планда бекитилген жайыттарга кѳчγγ, конуу эрежелерин жана мѳѳнѳттѳрγн сактабаган малчыларга КРнын «Административдик жоопкерчилик жѳнγндѳ» кодексинин 193-беренесинин 1-пунктуна ылайык - белгиленген тартипте кабыл алынган жана кγчγнѳ кирген жайыттарды жана чѳп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузгандыгы γчγн:  жарандарга – 5000 сомго чейин, кызмат адамдарына – 10 000 чейин администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин;

6. Айыл тургундары γй тиричилигине керектѳѳ малдан ашык мал алып калгандарга, жайыт эрежелерин бузуп айыл чегиндеги жана алыскы  жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бѳлγнгѳн жайыттарга мѳѳнѳтγнѳн мурда мал жаюу, ошондой эле тийиштγγ уруксат албастан, табигый жана эгилме жайыттар аркылуу мал айдап ѳтсѳ КРнын «Административдик жоопкерчилик жѳнγндѳ» кодексинин 186-беренесинин 1-пунктуна ылайык жарандарга эсептешγγ кѳрсѳткγчγнγн 1000, кызмат адамдарына – 1500 чейин администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин;

7. Бада кезеги келгенде адамдар-иштиктγγ карым-катнаштардын каада-салттарынын негизинде тγзγлгѳн корук эрежелерин бузуп, бадага алып чыгуу мѳѳнѳтγн бузуу менен же малды соңку жылдын 1-октябрь кγнγнѳн эрте алып келип КРнын «Административдик жоопкерчилик жѳнγндѳ» кодексинин 185-беренесине ылайык менчигинин тγрγнѳ карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба ѳсγмдγктѳрγнγн талаадагы жыйналган тγшγмγн керектѳѳдѳн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирγγсγ анча чоң эмес ѳлчѳмдѳ жасалса, - эсептешγγ көрсөткγчγнγн 2000 сомго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салуу эскертилсин. Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү айдоолордун менчик ээсине олуттуу зыян келтирсе, - эсептешүү көрсөткүчүнүн 4000 сомго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин

8. Малын кароосуз калтырып, дыйкандардын эгин жана чѳп аянттарына олуттуу зыян келтирсе, келтирилген зыяндын орду  мал ээси тарабынан тѳлѳнγп берилеери эскертилсин.;

9. КРнын «Административдик жоопкерчилик жѳнγндѳ» кодексинин 202-статьясына ылайык малды, канаттууларды жана башка жаныбарларды милдеттүү ветеринардык иш-чарларды өткөрүү үчүн көрсөтпөө (жашырып коюу) - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына – 500 сомго чейин администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин. (айып салуу –Ветеринардык кѳзѳмѳлдѳѳ органы тарабынан жγргγзγлѳт)

10. Жогорудагы айыптарды салуу КРнын «Административдик жоопкерчилик жѳнγндѳ» кодексинин 534-статьясына ылайык Ат-Башы айыл аймактык (жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органыны) комиссия тарабынан жγзѳгѳ ашырыла тууралуу эскертилсин (жергиликтγγ  комиссиянын курамы жана жобосу тиркелет). Тиешелγγ документтерди даярдап берγγ менен укук бузууларды алдын алуу Ат-Башы айыл ѳкмѳтγнγн жетектѳѳчγ адиси К.Асаналиевге жана жайыт комитетинин тѳрагасы Ж. Кожобердиевге  милдеттендирилсин;

11. Жай жана кγз мезгилинде дыйкандардын тγшγмγнѳ зыян келтирбеш γчγн ээн жγргѳн малдарга камак уюштурулсун.

12. Коңшу айыл аймагынын малчылары тарабынан малдар, мал айдалып ѳзгѳчѳ трассага жана мал токтоочу аянтчаларда кармоосун кѳзѳмѳлдѳѳ корукчуга милдеттендирилсин.

13. Токтомду мамлекеттик каттоодон ѳткѳрγγ γчγн Нарын облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин. Каттоодон ѳткѳрγγ тууралуу атайын кат жѳнѳтγγ Ат-Башы айыл ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага милдеттендирилсин.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын тѳрагасы:

 

К.Абдылдаев