АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХI сессиясы
2014-жылдын 8-апрели № 11-10
2013-жылы Ат-Башы айылынын кѳчѳлѳрγнѳн
кыйылган теректердин калдыктарын сатуу жѳнγндѳ
Ат-Башы айылынын борбордук кѳчѳлѳрγнγн автожолун реконструкциялоо убагында долбоорго ылайык кыйылган жол боюндагы теректердин курулуш материалга жарактуу бѳлγктѳрγн сатууга баа бекитип берγγ тууралуу «Кѳрктγγ аймак» муниципалдык ишканасынын директору Т.Аралбаевдин сунушу менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын борбордук кѳчѳлѳрγнγн автожолун реконструкциялоо убагында долбоорго ылайык кыйылган жол боюндагы теректердин курулуш материалга жарактуу бѳлγктѳрγ 1 метр кубу 1800 сомдон сатылсын;
2. Теректердин бѳлγктѳрγн сатуудан тγшкѳн акча каражаты «Кѳрктγγ аймак» муниципалдык ишканасынын эсебине кириштелсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы «Кѳрктγγ аймак» муниципалдык ишканасынын директору Т.Аралбаевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын тѳрагасы: |
К.Абдылдаев |