Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-августу № 14-1
ОсОО «Чеч-Дѳбѳ Транс» фирмасынын жалпы жамаатынын
кайрылуусун кароо жѳнγндѳ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин курулуш, транспорт, ѳнѳр-жай, соода-сатык, энергетика турак жай жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушуна ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО «Чеч-Дѳбѳ Транс» фирмасынын жалпы жамаатынын 5-август 2014-жылдагы чыгыш №34 арызы канааттандырылсын;
2. 2014-жылдын18 августунан баштап «Ак-Жар-Босого» маршруттук каттамынын жол киреси 10 (он) сом, ден-соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген адамдарга 8 (сегиз) сом, мектеп окуучулары γчγн 5 (беш) сом болуп бекисин;
3. «Ак-Жар-Босого»маршруттук каттамынын регламенти тѳмѳндѳгγдѳй бекисин: эртең менен саат 7:30дан кечки саат 18:30 га чейин;
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын;
5. Бул токтомдун кѳчγрмѳсγ «Ак-Жар-Босого» маршруттук каттамындагы автоунааларга милдетγγ тγрдѳ кѳрγнγктγγ жерге илинсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын тѳрагасынын орун басары: |
Ж.Жумаков |