Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-декабры № 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтуно караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Нарын райондук ЖААК бөлүмү Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы Конституцияга, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамына ылайык иш алып барат. Нарын райондук ЖААК бөлүмүндө 3 (үч) кызматкер эмгектенет, бөлүм башчы, жетектөөчү адис жана адис. Кызматкерлердин айлык акылары «Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменинин» бухгалтериясы аркылуу жүргүзүлөт жана Нарын райондук ЖААК бөлүмүнүн каржылануусу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу. ЖААК бөлүмүндө көрсөтүлгөн кызматтардын акысын «ААК РСК-Банктын» Нарын филиалына жарандар өзүлөрү барып төгүп квитанцияларын алып келишет, Мамлекеттик алымдын 90%и жергиликтүү бюджетке 10% и Мамлекеттик каттоо кызматына которулат.
Ал эми Нарын райондук ЖААК бөлүмүнүн иш алып баруусу боюнча 2014-жылдын 9-айында 6986 жаран кайрылган. Алсак, туулгандыгы тууралуу биринчи берилген күбөлүктүн саны - 2525, кайталанып берилген куболуктун саны – 537, никеге туруу тууралуу биринчи берилген күбөлүк – 599, кайталанып берилген күбөлүктүн саны – 121, никени бузуу тууралуу биринчи берилген күбөлүктүн саны – 192, кайталанып берилген күбөлүктүн саны – 10, өлгөндүгү тууралуу биринчи берилген күбөлүктүн саны – 423, кайталанып берилген күбөлүктүн саны- 118, бала асырап алуу тууралуу биринчи берилген күбөлүктүн саны -14, фамилиясын,атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк - 579, кайталанып берилген күбөлүктүн саны – 50, аталыгын аныктоо тууралуу биринчи берилген күбөлүктүн саны- 267, кайталанып берилген күбөлүктүн саны – 2, салтанаттуу түрдө никени катоо – 423, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмө-235, никеге туруу тууралуу күбөлүктөн көчүрмө -95, өлгөндүгү тууралуу -379, жалгыз бой эне деген справка- 203, ал эми жарандардан түшкөн арыз-каттардын саны 572 түзүп аларга өз убугында жооптор берилген. Чыгыш каттардын саны-625 түзөт.
Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн акча каражаты 182 864 сом. Салтанаттуу түрдө никени каттоонун саны 423 болуп андан тушкон акча-112 906 сом. Туулгандыгы тууралуу куболуктун баасы-15сом, актылык жазуу -1 сом, никеге туруу тууралуу куболуктун баасы-15сом, актылык жазуу -1 сом, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн баасы 4 сом, актылык жазуу -1 сом, ажырашуу туралуу күбөлүк-3сом,актылык жазуу -1 сом, аталыгын аныктоо туралуу күбөлүк-3сом, актылык жазуу -1 сом, багып алуу тууралуу күбөлүк- 2 сом, актылык жазуу -1 сом, фамилиясын,атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк-4 сом, актылык жазуу -1 сом, никени салтанаттуу түрдө ЖААК бөлүмүнөн каттоо-234 сом, никени салтанаттуу түрдө ЖААК бөлүмүнөн тышкары жерде каттоо-470 сом турат.
Нарын шаардык Кеңшинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү» боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары ЖААК бөлүмүнүн аткарып жаткан иштерин жеринде барып көргөн мезгилде бөлүмдүн иш бөлмөлөрүндө 1992-жылдан бери жылуулук системасы иштебей, адистер кыштын суук мезгилинде иш болмолөрүнө жылыткыч колдонушат. Күнүнө Нарын районунун жана Нарын шаарынын ЖААК бөлүмүнө ар кандай маселелер кайрылышат. Кезек күтүп турган жарандарга кезеги келген мезгилге чейин отуруп турганга отургучтар жок. Нике салтанатын өткөрүүчү зал кыш мезгилинде суук. Ремонт үчүн каражат бөлунүп берилбейт. Жарандарды тейлөө үчүн адистер жетишсиз. Бөлүмдүн жетекчилиги тарабынан жогорку органдарына ремонт үчүн жана жылуулук системасын койдуруп берүү боюнча акча каражатын чечип берүүгө бир нече ирээт кайрылса дагы жыйынтык чыккан эмес. Мындан сырткары күбөлүктөрдүн түрлөрү боюнча төлөнүүчү акча каражаты РСК банк аркылуу жүргүзүлөт.Кардарлар 15 сом,4 сом, 3сом акча каражатын төгүү үчүн жарым күн РСК банкында кезекте турушат жана РСК банкынын кызматы үчүн күбөлуктүн баасынан ашык акча каражатын төлөшөт.
ЖААК болүмунүн жетекчилиги жана адистери тарабынан бул төлөмдөр боюнча кардарларга ыңгайлуу шарт түзүлсө деген сунуштарын беришкен.
Нарын шаардык Кеңшинин бекитилген иш планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө бөлүмдүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаардык Кеңшинин бекитилген иш планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө бөлүмдүн башчысынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана ЖААК- ЗАГС тарабынан жарандардын абалынын аныктыгын каттоодо калкты маданияттуу, сылык жана сапаттуу тейлөөгө, кемчиликтерге жол бербөө, коррупцияга каршы иш жүргүзүүнү колго алуу ЖААК бөлүмүнүн башчысы Ж.Мурзабековага тапшырылсын.
3. ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмүнүн иш бөлмөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө, калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында атайын инвентарлар менен камсыз кылууга, жылуулук системасын койдурууга акча каражатын чечүү боюнча жана жарандардын абалынын аныктыгын каттоодо берилүүчү күбөлүктөрдүн төлөмдөрүн жөнөкөйлөштүрүү, шаар тургундарына төлөмдөрдү төлөөдө банк тандоо укуктарын кеңейтүү боюнча боюнча шаардык Кеңештин атынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына кат жолдонсун.
4. ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмү шаардын борборунда жайгашкандыгын эске алуу менен имараттын сырткы көрүнүшүн оңдоп түзөө, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери бөлүмдүн башчысы Ж.Мурзабекова тарабынан колго алынбагандыгы, тиешелүү иш аракеттер көрүлбөгөндүгү белгиленсин жана 2015-жылы бул иштерди аткарууну колго алуу жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев) жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Э.Турсуналиев |